Камактагы Равшан Жээнбеков шайлоо боюнча президентке кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ленин району боюнча парламенттик шайлоого катышуу үчүн тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, кайрылуу жасады.⠀

«Урматтуу Садыр мырза,

Сиз, Кыргызстанда бардык маселени бир адам — сиз чече турган авторитардык режим түздүңүз. Сиз буйрук бербесеңиз курулуш маселеси дагы, сүт маселеси дагы, сот маселеси дагы чечилбей калды.

Менин дагы, Конституция менен мыйзам жол берген, Ленин району боюнча депутаттыка талапкерлигимди кою укугум бузулууда.
Каттоо бүтөөрүнө 4 күн калды. Тилекке каршы, КРсынын ЖАКнын жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп атат.

Мен түрмөдө жатсам дагы, Конституция менен мыйзам, мага депутаттыка дагы, президентике дагы талапкерлигимди коюга жол берет. Ушундай эле, мен түрмөдө жатып, 2021-жылкы кезектеш Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы катышкам. Ошол маалда дагы Жаза аткаруу кызматы, мени конвой менен Боршайкомго каттоого алып барган.

Садыр мырза, күчтүү жана акылман лидер өз опоненттерине сый жана татыктуу мамиле жасайт. ЖАКтын жетекчилери, менимче сиздин буйругуңузду күтүп жаткандай. Мыйзамга ылайык, менин укугумду аткарууга ЖАКтын жетекчилеринин мага шарт түзүп берүүсүнө буйрук берип коюңузду суранам».

image 5 1024x1024 1 Камактагы Равшан Жээнбеков шайлоо боюнча президентке кайрылды
ravshan 1024x461 1 Камактагы Равшан Жээнбеков шайлоо боюнча президентке кайрылды