Бул тууралуу Вulak.kg редакциясынын окурмандары билдирди.
Буга чейин, ушул жылдын 31-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй бир катар документтерге кол коюлган.
Алар төмөнкү документтер:
- Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
- Кыргызстан – Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
- Кыргыз – Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
- Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;
- Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
- “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.