Кыргызстанга Кытайдан медициналык унаалар келди, – видео

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясынын окурмандары билдирди.

Буга чейин, ушул жылдын 31-мартында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй бир катар документтерге кол коюлган.

Алар төмөнкү документтер:

  • Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
  • Кыргызстан – Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
  • Кыргыз – Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
  • Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;
  • Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
  • “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.