ВИДЕО: Патрулдук милициянын унаасы жол кырсыкка кабылды

ИИМдин Патрулдук милициянын унаасы катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык Ак-Бата жаңы конушунун аймагында болгон. Эки унаанын тең бампери талкаланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа кызматтык унаага жол берген эмес. Жабыркагандар жок.