Курманкул Зулушевдин бизнеси тууралуу маалымат чыкты, – Фактчек

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге жана анын жакындарына таандык бизнестер ачыкка жарыяланды.

Бул тууралуу Фактчек изилдеп чыккан.

Анда анын уулу Барсбек Токторалыевге таандык “Радуга Пром Строй” ЖЧКсы, анын тууганы Гульмира Зулушевага таандык “Өмүр” аталышындагы медициналык борбор, Рыскул Зулушев жетектеген “Кайнама ГЭС” жана “Рыс Гидро” экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Курманкул Зулушевдин жубайы Назгүл Надирова “Жазы Гидро” жана “Единый центр оплаты” деген аталыштагы Жоопкерчилиги чектелген коомдун теңтөрайымы деп жазылган.

Ошондой эле, Башкы прокурордун Дарманкул Зулушев аттуу бир тууганы “Ырыс Ордо” ЖЧКсынын негиздөөчүсүнүн бири жана “Жазы Гидро” ЖЧКсынын директору болуп саналат.

09f54582 659e 49da 8399 45fdea2cbfe6 Курманкул Зулушевдин бизнеси тууралуу маалымат чыкты, - Фактчек