Курманкул Зулушев ишине кайра киришти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти.

Ошондой эле, аталган тескеме менен Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.