Миңден ашык карызы бар салык төлөөчүлөргө чектөө чаралары көрүлдү

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алсак, 1-июнга карата сот аткаруучулардын кызматы тарабынан салык органдарынын арызынын негизинде жалпы суммасы 7 млрд 683,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1011 салык төлөөчүгө карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын арасында республиканын чегинен тышкары чыгууга байланыштуу чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар бар», — деп белгилейт Салык кызматы.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен 251 салык төлөөчү жалпы суммасы 42,3 млн сомдук карызын төлөгөн.