Салык кызматы 151 млн сомго белек сатып алат

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы үчүн байгелерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалым болгондой, белектерди 151 млн сомго сатып алуу пландалууда.

Салык кызматы лотереяга байге катары 37,1 млн сомго 20 электрунаа, 80 млн сомго 1 миң телефон жана 18,5 млн сомго 1 миң телефон, 1,4 млн сомго чет өлкөгө 6 жолдомо, 2 млн сомго 40 стайлер жана 12 млн сомго 300 ноутбук сатып алмакчы.

Тендер боюнча арыздар 22-июнга чейин кабыл алынат.

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышуу шарттары тууралу lottery.salyk.kg сайтынан биле аласыз.