УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.


“Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”
, – деп айтылат маалыматта.


Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

97a35224 af0f 4fed b243 4ef2733d1733 УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар
c5eb4104 9ff5 4994 8cf5 5ee471b4238a УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар
af0e0dbc a59f 49f8 9a7e b3fd17481b15 УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар
335ae8b6 18d4 4d6f 8408 c022beb4233b УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар
e9fd42e8 14c4 446c 87ef d0142d1a1352 УКМК: Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» ишканасында коррупциялык схеманы уюштурганга тиешеси бар