Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу 13-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Самаев 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталган.

Эки жумадан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. ЖМКлар ал мамлекетке компенсациясын төккөнүн жазган.

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.