Ноокен районунда 42 окуучу белгисиз затка ууланды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин 42 окуучусу белгисиз затка ууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Каарманбек Байдавлетовдун сөзүнө таянып «Клооп» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, окуя 11-майда болгон. Анда мектепте окуучуларга жыйын өтүп жатканда белгисиз зат жыттанган. Андан соң 6-7-8-класстын окуучулары өздөрүн жаман сезип, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

«Жалпы ооруканага 42 бала жеткирилген. Оор абалда түшкөндөр болгон эмес. 13-майга карата 23 бала ооруканада калды. Калгандары үйлөрүнө чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.