Таластын мэри Аскар Шабданов кызматтан бошотулуп, ордуна Эрмат Жумаевди дайындады

Таластын мэри Аскар Шабданов кызматын тапшырды. Анын ордуна мэр болуп Эрмат Жумаевди дайындады. Тиешелүү байрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Шабданов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу арызын жазып кеткендиги айтылды. Ал бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Шабданов жана Жумаев

Ал 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан. Аталган партияны өлкөдөгү таасирдүү деп саналган Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырышат.

Андан тышкары, «Демир банктын» Талас филиалынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясы менен жергиликтүү кеңешке депутат болгон. Аскаровго чейин Таластын мэри кызматында Айдар Жусупбеков иштеп турган.

Ал эми Эрмат Жумаев Караколдо шаар башчысы болуп жергиликтүү «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын мурдагы башчысы жана мэрди болуп иштеген.