Ош шаарында куралдуу карактоого шектелип, бир нече адамдан турган топ кармалды

Ош шаардык милициясы 3,6 миллион сомду жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого шектелип, бир нече адамдан турган топ кармалагынын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылган.

“Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалып, далил буюмдар алынды”, — деп жазылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы, бул боюнча кечирээк толугураак маалымат берилерин белгиледи.