Токмок шаарынын мэри болуп Максат Нусувалиев дайындалды

Президенттин басма сөз кызматы Токмок шаарынын мэри болуп Максат Нусувалиев дайындалганын кабарлады. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 13-майда кол койду.

38 жаштагы  Нусувалиев буга чейин Бишкек мэриясына караштуу транспорт башкармалыгын жетектеген. 

Буга чейин бул кызматты Урмат Самаев аркалаган. Ал 17-апрелде мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экени аныкталган.

Эки жумадан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.