УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун жаңы имараты ачылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун жаңы имараты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров дагы катышты.

Маалыматка ылайык, Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу ишин координациялайт.  

 “Акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деди Жапаров.   

 Ошондой эле, өлкө башчысы Борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылганы кошумчаланды.