Чүйдө жакын тууганынын өлүмүнө шектелип, 40 жаштагы макумдун жээни кармалды

Чүй облусунун Москва районунда жакын тууганынын өлүмүнө шектелип, 40 жаштагы макумдун жээни кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-майда милицияга 69 жаштагы адамдын сөөгү өз үйүндө табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Маркумдун сөөгүн кароо учурунда анын киши колдуу болгону аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары макумдун жээни кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча кылмыш иши мас абалында урушуудан чыккан. Шектүү эски таарынычын эстеген.