Таласта “II Тоо театрлары фестивалы” өтөт

Талас шаарында 22-26-майда Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдык мааракесине карата “II Тоо театрлары фестивалы” өтөт.

Иш-чаранын максаты – тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл дараметин өркүндөтүү.

Фестивалга Кыргызстандагы театрлар катышат жана акыркы эки жылда сахналаштырылган, башка фестивалдарга катыша элек спектаклдар калыстар тобунун сынына сунушталып, алар бир нече номинация боюнча ат салышат. Ошондой эле Казакстандын Жамбыл облустук А.Токпаев атындагы музыкалык драма театры конок катары катышат.