Боом капчыгайында 15-19-май күндөрү таш кулатуу жумуштары жүргүзүлөт

Бул күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.

Мындай жумуш күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болуп, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.