“Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстанда илимдиөнүктүрүүгө жардам берет

“Альянс Алтын” компаниясы менен КРнын Улуттук илимдеракадемиясы 13-майда кызматташуу тууралуу меморандумгакол коюшту.

2023 05 13 15 41 56 "Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстанда илимдиөнүктүрүүгө жардам берет

УИАнын президенти, профессор Канат Абдрахматовбелгилегендей, меморандумга ылайык, академия “Альянс Алтын” компаниясына консультациялык жана илимийкызматтарды көрсөтөт (анын ичинде буюртма боюнча ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзөт). “Альянс Алтын” – Кыргызстанда өзү мындай келишим түзүүнү сунуштаганалгачкы өнөр жай ишканаларынын бири. УИА үчүналгылыктуу иш алып барган ишкана, уюмдар менен түзүлгөнмындай келишимдер маанилүү. Бул ишкана Кыргызстандаалтын өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Ал илимдинөлкөнүн өнүгүшү үчүн маанисин жакшы түшүнөт жана бизмындай ишкерлерге көптөн бери муктажбыз. “Альянс Алтын” менен түзүлгөн келишим биргелешип өнүгүүгө жардам берет деп ишенебиз”, – деди Канат Абдрахматов.

“Альянс Алтын” компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов белгилегендей, компания Жерүй кенинде 2015-жылдан бери иштеп келет жана алтын кен комбинаты ишкекиргенге чейин эле 400 миллион доллар инвестиция салган. Ишкананын ачылышы 2021-жылдын мартында болгон. Учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт, анын тоннасында орточо 3-4 грамм алтын бар. Подряддык уюмдарды эске алуу менен кендинишканасында 1,5 миңдей адам эмгектенет. Компания ошондойэле социалдык программаларды активдүү ишке ашырууда – өзүнүн алдындагы түзулгөн өнүктүрүү фонду аркылуу 547 долбоорду ишке ашырган.

Компаниянын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндөУИА менен иштешүү экологиялык таза чөйрөнү түзүү, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү жаатында маанилүүэкендигин баса белгиледи. «Биз УИА менен кызматташуудаабдан кубанычтабыз. Бул биз үчүн актуалдуу жана замандынталабына жооп берет. Анткени, илимдин өнүгүшү негизиненэкономикалык ишмердүүлүктү жана калктын жашоодеңгээлин аныктайт. Академия менен биздин алдыбыздакөптөгөн долбоорлор бар – алар жергиликтүү долбоорлордонтартып стратегиялык маанилүүлөргө чейин. БулМеморандумга кол коюу биздин мындан аркы биргелешкенжемиштүү ишибизге түрткү берет деп ишенем», – деди ал.

Ошондой эле компаниянын жетекчилигине буга чейин Улуттук илимдер академиясынан анын ишин жакшыртуугажана КРнын илимин өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турганжабдууларды сатып алууга демөөрчүлүк жардамгабайланыштуу кайрылуу келген. Келген кайрылуу кароосузкалтырган жок жана ушул айдын аягына чейин жардам берүүпландалып жатканын билдирди Сабир Рахматов.