Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышы болду

Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышы болду. Анын алкагында Рух-Ордо маданий борборунда “Ысык-Көл” эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси уюштурулган. 

Экономика министри Данияр Амангелдиев өлкөдө эс алуучу туристтик 68 жай ачуу пландалып, учурда 21и курулуп жатканын айтты. Алар быйылкы сезондо пайдаланууга берилиши керек. 

Ал бийлик өкүлдөрүнө, туризм тармагында эмгектенген жарандарга “бүгүн келген туристтердин жеке коопсуздугун камсыздап, сапаттуу тейлесек, эртең эки эсе көп келиши үчүн шарт түзгөн болобуз” деп   кайрылды.  

Былтыр Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 7 миллионго чукул турист келген.