Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет.

Президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда. Сурамжылоолордун көбүндө Кылычдарголу бир нече пайыз алдыда.