Ысык-Көлдө Асман шаарын кура турган инвестор табылды

Ысык-Көлдүн жээгинде экологиялык жактан таза Асман шаарын курууга Түштүк Кореядан келген компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Turmush басылмасы 12-майда аталган ишкананын өкүлү Таалайбек Айдаралиевге шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, азырынча инвестор боло турганы айтылып жаткан кореялык компаниянын аты атала элек. Ал эми Айдаралиев бул чоң холдинг экенин, анын курамына ар кайсыл аймактарда иштеген 12 компания кирерин айткан.

Ал эми шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекция дүйнөдөгү ири 10 архитектуралык компанияга кат жөнөткөн. Алардын алтоосунан жооп келген, анын ичинде япониялык Nikken Sekkei ири архитектуралык компаниясы да бар.

Компаниялар Кыргызстанды изилдеп, өз сунуштарын жөнөтүшкөн. Ошондой эле сунуштар Гонконг, БАЭ, Голландиянын компанияларынан да түшкөн.