Бишкекте балдар мушташкан видео тарады

Социалдык тармактарда топ балдардын мушташып жаткан видеосу тарады.

Маалыматка караганда, окуя 15-майга караган түнү болгон. Видеодон мушташ Байтик Баатыр көчөсүндөгү Vefa соода борборунун жанында орун алганын көрүүгө болот.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.