Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМК кызматкерине 4000 доллар өлчөмүндө пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
![image 15 1 Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/image-15-1.jpg)
Окуу жайда студенттерди кабыл алуу эрежелерин бузуу, чет элдиктерге диплом сатуу фактылары текшерилип жатканы айтылат.
“Б.М.А. кылмыш ишти токтотуу үчүн комитеттин кызматкерине 4000 доллар берип жаткан учурда кармалды”, — деп айтылат маалыматта.