Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековго дагы бир кылмыш ишин ачышты

Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков бийликти күч менен басып алууга айып тагылып, дагы бир кылмыш иши козголгонун билдирди.

“326-берене боюнча жаңы кылмыш ишин козгошту. Ал “бийликти күч менен басып алуу” беренеси. Бул кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети козгоду. Бирок, эң кызыгы УКМКнын далили жок, баягы эле менин сүйлөгөн сөзүм боюнча күнөөнү илип атышат. Мен ойлойм бул жеке Ташиевдин мага карата саясий буйругу”,- деди ал.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков — Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылы 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалгандардын бири. Активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Бирок кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда.