Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык Edelweiss Group AG компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда эки тарап санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

“Өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык”,- деди Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.