УКМК «Абдыш-Ата» ишканасында тинтүү жүргүзгөн эмес

УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарында жана соцтармактарда «Абдыш-Ата» ишканасында мекеменин кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, документтер алынды деген маалыматты төгүндөдү

Айрым массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Абдыш-Ата заводунда тинтүү жүргүзүлдү делген маалымат абсолюттук жасалма жана чындыкка дал келбейт.
УКМК маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн так маалымат берүүгө жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга кайрадан чакырат жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчилик караларын эскертет.

Буга чейин “Абдыш-Ата” ишканасынын башкы директору Азат Сакебаев Салык кызматынын инспекторлору заводго келгенин билдирген.

«Пландан тышкаркы салык текшерүүсү жүрүп жатат. Бизде акциздик товарлар бар, мында адаттан тыш эч нерсе жок», — деген Сакебаев.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Абдыш-Ата заводунда УКМКнын кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүп жатышканы айтылган.