“Куба буба” аккаунтунун ээси аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды

УКМК: “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба буба” аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба буба” аккаунтунун ээси, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу Чүй облусунун Москва районунда Кыргыз Республикасынын жараны 15.01.1974-ж.т.  Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды. 
 К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу «Куба Буба» аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.
 Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар.
 Учурда К.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 КР УКМК жарандарды ар кандай антиконституциялык чагымдарга, социалдык тармактарда жек көрүүчүлүктү козутууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чакырыктарга алдырбоого чакырат.
9af9aef1 4acb 42ad 92db c34c90a513b6 “Куба буба” аккаунтунун ээси аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды
902c781c 152a 44f7 85dd 76082c260fbb “Куба буба” аккаунтунун ээси аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды
a48b06ec 45ef 405a 9094 21762ab43150 “Куба буба” аккаунтунун ээси аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды