Анкара – Бишкек – Анкара багытында түз аба каттамы ачылат

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу  Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.

AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылат.

Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы. Түз каттамдар качан баштала турганы азырынча тактала элек.