1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына “мефедрон” психотроптук заттарды жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү.
Баңгизаттарды сатып алуучулардын ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция жарым жылдын ичинде жүргүзүлдү.


“Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек ШИИББнын Атайын операциялар отрядынын жардамы менен 2001-ж.т. А.Р. жаран кармалган, ал ар бири 0,5 литрден турган, төрт желим бөтөлкө түрүндө салынган “мефедрон” психотроптук затын жашырылган жерден алган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 кг.194 гр. түзгөн. Психикага таасир этүүчү баңгизаттарды сакталган жайдан алып, шектүү А.Р. кара түстөгү “BMW” үлгүсүндүгү унаага жашынууга аракет кылган, бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана ушул өлчөмдөгү психотроптук заттарды сатууда А.Р. жарандын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 6 млн. 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле, ошондой эле көрүлгөн чаралар менен 7164 бир жолку дозадан ашык синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө түшүүсүнө бөгөт коюлду.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду”, – деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө изоляторуна киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жана изин суутпай издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

63ab2f7e ad5c 469a af71 d822432e2c65 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
e7895de0 6efd 46c3 9547 d6dfcd5a71b0 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
cdf7a460 b41c 4eb7 b7e5 ab3814e10f94 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
445f2546 ed40 43bd ba64 6754579a2129 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
821c73c6 fd32 4cf3 b67a c043ce42fb2e 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
deb4de8b e312 4692 9130 8f39b3f604f8 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды
whatsapp image 2023 04 18 at 09 07 41 1 1 кг ашык “мефедрон” психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды