Кыргызстандык жаачылар Ташкенттеги Азия кубогунда күч сынашат

Кыргызстандык жаачылар Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин болуп өтөт. Кыргызстандан аталган мелдешке жети спортчу катышат:

  1. Улукбек Курсаналиев;
  2. Күлчоро Нурманбетов;
  3. Мухаммел-Ислам Алмамбет уулу;
  4. Айтурган Маматкулова;
  5. Жибек Канатбек кызы;
  6. Диана Канатбек кызы;
  7. Элиза Тыналиева;

Жаачыларды улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Заирбек Бердибаев коштоп барат.