Кыргызстандын волейболчулары Азиянын чакырык кубогун жеңип алды

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Азия чакырык кубогун жеңип алды.

Мелдеш Чолпон-Ата шаарында 29-августтан 3-сентябрга чейин болуп өттү.

Кечээ, 3-сентябрда өткөн финалда кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиядан келген волейболчулар менен ойногон. Алгачкы эки оюнда Кыргызстандын курамасы утулуп, бирок кийинки үч оюнду катары менен жеңип, алтын байгеге татыды.

Бул мелдешке Кыргызстан, Сауд Арабия, Өзбекстан жана Монголиянын волейболчулары катышкан. Өзбекстан Азия чакырык кубогунда үчүнчү орунду алды.