Бакыт Төрөбаев элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылышы керектигин айтып, тапшырмаларды берди

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын кеңешмеси болуп өттү. Анда өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, Бишкек шаардык ЖЭБ камсыздоо, бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Энергетикалык объектилердин калкты жана экономика тармактарын электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн техникалык жактан толук даярдыгынын маанилүүлүгү, жылытуу мезгили башталганга чейин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, маданият мекемелеринин отканаларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштеринин толук жыйынтыкталышын камсыз кылуу зарылдыгы, мамлекеттик органдар 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо боюнча белгиленген пландарды аткаруусу тийиш экендиги айтылып, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине талаптагыдай даярдык көрүлбөгөн учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Мындан тышкары, элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылышы керектиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы отун базаларында жана көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүсү зарылдыгы белгиленди. Жыйындын жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.