Дөөлөт Сыдыков ага берилген үйдөн баш тартты: Менин атымдагы үйдү ошол жигит алсын, чын дилимден айтып жатам

Жеке ишкер Нургалы Асаналиев Кыргыз улуттук “Манас” театрынын 8 манасчысына батирлерди тартуу кылды. Алардын арасында өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков да бар экени кабарланган. Бул кабардан кийин манасчы билдирүү жасады.

“Арыбаңыздар! Намысы бойдон кетпеген уюткулуу улуу элдин урпактары. ФБтан көрүп, медиа булактардан жазып кайрылып жаткандарды көрдүм, Нургалы Асаналиев 8 манасчыга үй бериптир анын ичинде менин дагы ысымым бар экен. Менин ысымымды кошуп койгон уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.. Бирок, мен баардык нерсени Манас менен өлчөгөн кишимин. Манас айылында жетекчи болуп турганда биринчилерден болуп ушул Нургалы Асаналиев президенттин атынан жөөлөп келип “Манастын айылын” бузам деп, ак үй салып парк кылам деген киши ушул экенин көпчүлүк билет.

Манасыңдын бул жерде сөөгү бар беле, сен Манаска фанат экенсиң, Таласта турат го ордо, ошол эле жетет да, көлдүк абабызды колдоп коёлу да, бир жолу бизден президент чыгып жатса деген киши… Кийин баарын танып, каратып туруп калп айтып, кайра башканы айтып мени каралагысы бар дагы… Мен биринчиден, антип бөлүнүп-жарылганды жаман көрөм, андай нерсе Манас атама дагы жакпайт! Менин эле эмес, бүткүл кыргыздын атасы болгон Манас бабабызга карата шек келтирген сөздөрдү айтып, ишти талкалаган бул адамдын колунан мага эч нерсе кереги жок. Бериптир деп чуркап барчу киши мен эмесмин. Намыс кайда калат, абийир кайда калат.. Кээ бирлердей болуп Манасты кошуп сатып жибергенден айырмам кайсы болот?!


Эми мындай, Манастын айылын кайра курабыз деп мамлекеттик денгээлде архитекторлор арасында конкурс өткөргөндө талапка ылайык жеңүүчү болгон Мухтар Кушубаков деген архитектор жигиттин жасаган эмгегинин акчасын Аппарат Президенттен бердирбей коюшту. Президент айтты демиш болуп Рыспай Исаков менен Азиз Биймырза уулу чыгып пресс-конференция берип биздин тандоону жокко чыгарып кайра конкурс өткөргөндөгү жыйынтык боюнча кандай абийирлери төгүлгөнүн өзүңөр көрдүңөр. Уурдалган плагиат көчүрмөсүн алып чийип коюшуптур. Чыныгы Манаска арналган архитектура Манас айткандай эле эмгек. Эгер мага берилген сертификатыңар чын болсо, мен ошол сертификатты Мухтарга Кушубаковго бердим. Менин атымдагы үйдү ошол жигит алсын, чын дилимден айтып жатам. Ошол жигит барат, каякка барат, каяктан алат өзүлөрү дайындашсын”, – деген билдирүү жасады.