«Пент-Бол» оюн-зоок ойноочу жайында 2 стол, оюн-зоок автоматтары жана 3 терезе күйгөн

Кыргызстанда бир күндө 37 өрт кырсыгы болуп, өрт өчүрүүгө 41 бөлүм тартылды. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкекте Бакаев көчөсүндөгү «Пент-Бол» оюн-зоок ойноочу жайында 2 стол, оюн-зоок автоматтары жана 3 терезе күйгөн. Өрттүн кесепетинен Б.Т. аттуу жаран күйүк (1-даражада) алып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Правда айылында Т. Абылкасымов көчөсүндө турак үй толугу менен күйүп кеткен (аянты 99 чарчы метр).

Кара-Көл шаарында Бишкек – Ош жолунун 404-чакырымында VOLVO оор жүк ташуучу унаанын арабасынын бир бөлүгү жана ичиндеги көмүр өрттөнгөн.

Аймактар боюнча алганда бир күндө Бишкекте – 9, Чүйдө – 8, Ысык-Көлдө – 1, Ош облусунда – 5, Ош шаарында – 1, Жалал-Абадда – 6, Нарында – 4, Баткенде – 1, Таласта 2 өрт кырсыгы катталган.