Шавкат Мирзиёев СССР доорунда 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын, он миңдегендер атылганын билдирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев СССР доорунда 100 миң өзбекстандык репрессияга кабылганын, он миңдегендер атылганын билдирди. Анын бул сөзү орусиялык басылмаларда кызуу талуу жаратып, айрым серепчилер Мирзиёевдин айткандарын “саясий чайкоочулук” деп сыпатташты.

Өзбекстандагы репрессия курмандыктарына арналып тургузулган “Шейиттер элеси” (“Шахидлар хотираси”) комплексинде 31-августта өткөн быйылкы иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ардагерлер катышты.

“Эгемендүүлүккө жетүү оңой болгон жок. Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен. Алар биздин улуу баатырларыбыз, элдин байлыгы болгон. Алар убагында 2-3 тил билген. Алар өлкөбүздү эркиндикке, өнүгүүгө алып келерин билишкен”, – деди Мирзиёев.

Ал тарых толук изилдене электигин, репрессиянын курмандыктарын аныктоо боюнча изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын эскертти.

“Мен бул адамдардын тагдырына тиешелүү документтерди кичинекей кагаз болсо да таап берүүнү, ага каражат бөлүүнү тапшырдым. Натыйжада, акыркы жылдары репрессияга кабылган көптөгөн адамдардын ысымдары белгилүү болду. Биз адилеттүүлүк үчүн баатыр ата-бабаларыбыздын элесин калыбына келтиребиз”.

Президент былтыр Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыгы болгон 235 адамды актаганын да кошумчалады.

Мирзиёевдин сөзүнө орусиялык реакция

Мирзиёевдин репрессиянын курмандыктары жөнүндө билдирүүсү орусиялык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жаратты.

КМШ өлкөлөрүнүн институтун негиздеп, аны ачылгандан бери жетектеп келе жаткан, Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин өзбек лидеринин айткандарын “чайкоочулук” (спекуляция) деп сыпаттады.

Ал Lenta.ru сайтына берген маегинде, Өзбекстанда учурда кыйла эффективдүү өнүгүп жаткан нерселердин көбү совет доорунда түптөлгөнүн жана мындан кутулуу мүмкүн эмес экенин кыйытты.

“Советтер Союзунда өзбек элин эч ким жок кылган эмес. Азыр Советтер Союзунда “украиналыктарды атайылап ачка калтырышты”, “Балтика өлкөлөрүндө элдерди кырып жок кылышты” дегендер арбын.