Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чымкет шаарында (Казакстан) өткөн Азия кубогунда 11 медаль (6 алтын, 5 күмүш) жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 19-22-март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен келген 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай (кыргыз эрежеси), түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.
Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген.
Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду камсыз кылышты.
Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.
![Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль утту](https://reporter.kg/wp-content/uploads/2023/03/x337998138_3357730174482088_5138991067172117327_n.jpg.pagespeed.ic.MHsSiRbJjz.webp)
![Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль утту](https://reporter.kg/wp-content/uploads/2023/03/x337994284_1285963831956363_3008638381250752291_n.jpg.pagespeed.ic.B4_Qk4LRn5.webp)
![Кыргызстандык жаа атуучулар Азия кубогунда 11 медаль утту](https://reporter.kg/wp-content/uploads/2023/03/x337991081_3060325924109297_3119790353266277543_n.jpg.pagespeed.ic.2fqQ3dDTxf.webp)