Гендердик зомбулукту азайтуу боюнча жыйын өтүп жатат

Бүгүн, 29-мартта «Демилгелүү айымдар» каолициясы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча иштелип чыккан, өлкөнүн бардык аймактарынан келген аялдардын катышуусу менен Аялдар ишкердигинин Улуттук күн тартибин талкуулоодо.

Бул иш-чара өзгөчө региондордогу аял ишкерлердин учурдагы чакырыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген. Өлкөнүн туруктуу экономикасын калыптандыруу максатында аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө калкты маалымат менен камсыз кылуу зарыл.

Бүгүнкү күндө Коалиция аялдардын бизнес-ассоциацияларынын, жарандык коом уюмдарынын, сектордук бизнес-ассоциациялардын жана ишкер аялдардын ичинен 31 мүчөнү бириктирет, алар Өлкөнүн 42 миңден ашуун айымынын кызыкчылыгын көздөйт.

Коалиция 2021-жылдын, ноябрь айында «WAGE» дин демилгеси боюнча түзүлгөн.

Эки жылдын ичинде Коалиция өлкөнүн ар бир облусунда 2200дөн ашуун ишкер аялдар менен консультативдик жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда ишкердикке аялдарды алып келүү жана бизнесин ачуу менен байланышкан тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар тууралуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

Ушул тоскоолдуктардын негизинде Коалиция бул көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды чечүү менен улуттук күн тартибин иштеп чыкты:

Мыйзам долбооруна «аялдардын ишкердиги» түшүнүгүн туюндуруу жана аялдардын экономикалык катышуусуна дем берүү үчүн шарттар боюнча сунуштардын пакетин иштеп чыгуу аялдардын ишкердигин колдоо боюнча максаттуу программаларды ишке ашырууну тездетет.