Адахан Мадумаров чукул жыйын өткөрүүдө

31-майда Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу сунушу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияга Ханджеза Карим, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова, Фарходбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо кирди.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага «чыккынчылык» боюнча айып тагылганын билдирген.

Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.