Америкалык UFC мушкери Джастин Гейджи өзүнүн Instagram баракчасында Рафаэль Физиев менен беттешке чейин колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Ал өзүнүн билдирүүсүнө комментарийге: “Колдооңуз үчүн рахмат” деп жазып, Кыргызстандын желегин койгон.
Эске салсак, UFC 286 турниринин алкагындагы беттеш 19-мартка караган түнү Лондондо өткөн.
Кыргызстандыктар Гейджини мушташ башталар алдында Instagram баракчасына комментарийлери менен колдоп, мушташ аяктагандан кийин куттукташкан.
![image 2 473x1024 1 Джастин Гейджи кыргызстандыктарга ыраазычылыгын айтты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-2-473x1024-1.jpg)