Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкканы айтылууда

Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазышууда.

Маалыматка ылайык, ал келтирилген чыгымды төлөп, үй камагына чыккандыгы айтылды.

Эске салсак, Токмок шаарынын мэри УКМК тарабынан 19-апрелде кармалган.

Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шектелип кармалган.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат.

WhatsApp Image 2023 04 29 at 19.30.11 Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкканы айтылууда
WhatsApp Image 2023 04 29 at 19.43.09 Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев үй камагына чыкканы айтылууда