Өзүнө кол салууга аракет кылган камактагы адамдын ден соолугунун абалы айтылды

Өзүнө кол салууга аракет кылган камактагы адамдын ден соолугунун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгонго чейин 25-апрель күнү соттолгон Ж.К жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн беш суткага СИЗОго киргизилген. Ж.К. жаза өтөө тартибин системалуу түрдө бузган, ошондуктан ага бир нече жолу дисциплинардык жаза колдонулган.

«Соттолгон жаранга физикалык, психологиялык, моралдык жана башка кысым көрсөтүлгөн эмес. Ж.К.нын камакта кармоо шарттары тууралуу арыз менен кайрылган эмес. Камерада Ж.К. менен чогуу үч адам кармалган.

Камералаштарынын айтымында, 27-апрелде Ж.К. каршылык иретинде СИЗОдон мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча мыйзамсыз талаптарды коюп, өзүн курч нерсе менен кесип салган. Андан кийин ал кийимдерден жасалган сыйыртмакты байлап, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган», – деп айтылат маалыматта.

«Азыр Ж.К. ЖАКтын №31 медициналык түзөтүү мекемесинде жатат. Ж.К.нын өзү жасаган колунун кесилген жерлеринен башка эч кандай жаракат табылган эмес. Ж.К өзү ЖАКтын кызматкерлерине эч кандай арызы жана доосу жок экенин, өз жанын кыюу тууралуу кат калтырбаганын билдирди. Ал ички психикалык бузулуулардан улам өз жанын кыюуга аракет кылган. Азыр Ж.К.нын абалы канааттандырарлык деп бааланып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин алдын алуу боюнча психолог менен иш жүрүп жатат ”, – деп билдирди ЖАК.