Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка шантаж кылып иштетип жүргөн «блогер» кармалды

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында “Н” аттуу атуул сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган. 

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 28-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну 1989-ж.т. Ч.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ч.Н. интернет тармагында өзүнүн баракчалары аркылуу “блогерлик” кылаары, сойкулук менен алектенген кыздарды интернет тармагы аркылуу маалыматтарды таркатуу менен шантаж кылып, 25 жана 27 жаштагы кыздарды мажбурлап иштетип жүргөндүгү аныкталган. Милиция тарабынан Жалал-Абад шаарындагы кыздар иштеп жаткан батир тинтүүгө алынып, тиешелүү далил буюмдар алынган”,-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо 102, 03722 5 28 31, 0550 39 00 01, 0779 10 10 45, 0778 00 00 98 номерлерине кайрылсаӊыздар болот.

image 1 1 1 Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка шантаж кылып иштетип жүргөн «блогер» кармалды