Чет элдик жаран менен англис тилинде сүйлөшкөн аксакал

Ош облусунун мал базарларынын биринде чет элдик жаран менен англис тилинде сүйлөшкөн аксакалдын видеосу тарады.

Маалым болгондой, тасмадагы Омарбек аттуу чоң ата, ал Кара-Суунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Каратай айылынын тургуну. Ал англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Айрым маалыматтарга караганда, убагында англис тилинен мугалим да болуп эмгектенген.

Ал эми видеодо чоң ата болжолдуу түрдө турист менен соодалашып жатат.