Атыр Абдрахматова: өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган учурда аны ачыктоодон коркот

Бүгүн, 18-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышы өтүүдө.

Анда 2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы жөнүндө мыйзамдын долбоору каралды.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган учурда аны ачыктоодон корко тургандыгын билдирди.

Анын айтымында тергөөчүлөр тарабынан аялдарга жана өспүрүмдөргө карата укук тебелөө болуп жаткандыгын белгиледи.

339065067 566523178650064 5491773239509218165 n 1024x771 1 Атыр Абдрахматова: өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган учурда аны ачыктоодон коркот