Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

   
0625af7d a031 4687 a451 3119ab81288a Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

“Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган. Бул факты боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду. Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.