Жалал-Абадда аз камсыз 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Жалал-Абад шаарында “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.

“Социалдык келишим” долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Иш-чаранын алкагында алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.