Чүйдө унаа уурдап бараткан адам жол кырсыкка учурады

Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, 16-апрелде саат 12:00 чамасында Карл Маркс айылындагы «Гуля» дүкөнүнүн жанынан Honda HR V үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

“Шектүү унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, башкаруусун жоготуп, электр линиясынын бетон мамысын сүзгөн. Унаа уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Октябрь айылынын 36 жаштагы тургуну экени аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

whatsapp image 2023 04 18 at 11 02 10 Чүйдө унаа уурдап бараткан адам жол кырсыкка учурады