
Бүгүн, 18-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышы өтүүдө.
Анда 2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы жөнүндө мыйзамдын долбоору каралды.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган учурда аны ачыктоодон корко тургандыгын билдирди.
Анын айтымында тергөөчүлөр тарабынан аялдарга жана өспүрүмдөргө карата укук тебелөө болуп жаткандыгын белгиледи.
