Москва районундагы 154 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана «А-Б-А-С» ААКнын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) «А-Б-А-С» ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.
Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.